Бир тууган агасын бычактап салган. Оштогу чуулуу окуя

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения в КР
Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум менен соттолуучунун энеси жалгыз уулун эркиндикке чыгарууну суранган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир тууган агасын бычактап өлтүргөн жаран 7,5 жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында айтылат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. Архив - Sputnik Кыргызстан
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
Каргашалуу окуя апрель айында Ош шаарында болгон. 36 жаштагы жаран өзүнүн бир тууган агасы менен үйдө арак ичип отуруп уруша кеткен. Ортодо чуу чыгып, иниси агасын бычактап салган. Жабырлануучу оор абалда көчөдө отурганын кошуналары көрүп Тез жардам чакыртышкан. Бирок көп өтпөй ал ооруканадан үйүнө качып келип, эки күндөн кийин каза болгон.

Ош шаардык сотунда айыпталуучу кылганын мойнуна алып, адам өмүрүн алган кырсык арактын кесепетинен болгонун билдирген. Ал эми маркум менен соттолуучунун энеси уулун эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Бирок фемида өкүлдөрү төрт баланын атасын 7,5 жылга темир тор артында калтырып, 130 миң сом айып салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0