Токмоктогу аткезчилердин атышуусу боюнча соттун өкүмү чыкты

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи
Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот тараптардын элдешкенин эске алып кылмыш ишин токтотту.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанындагы атышуу боюнча Токмок шаардык соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында айтылат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январына караган түнү "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда чыр-чатак болуп, атышууга чейин жеткен. Кийин анын катышуучулары менен башка күбөлөр суракка алынган. Ошол учурда аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин да тиешеси бар экендиги айтылган.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон прокурордун сотунда чыр чыгып, шектүүнүн эжеси жаакка жеди. Видео
Маалыматка ылайык, Фемида өкүлдөрү айыпталуучу Дастан Бейшенкуловду күнөөсүз деп таап, аны 270 миң сом айып пул төлөмөр калды.

Сот отурумунда шектүү Бейшенкулов чек арага Казакстандан келе жаткан досун күткөнү баргандыгын айткан. Ошол жерде турганда мурун тааныган Аскат Усенов аттуу киши экөө айтыша кетип, Бейшенкулов тапанча колдонгондугун тастыктаган

Ал эми жабырлануучу Усенов шектүү делген Бейшенкулов чек арадан өткөн ар бир унаага 10 миң сомдон берип турасың деп талап койгондуктан уруша кеткендигин билдирген.

Сот тараптардын элдешкенин жана шектүүнүн 30-январдан бери камакта жатканын эске алып, аны эркиндикке чыгарып кылмыш ишин токтотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0