Москвада бычакташкандар боюнча эки киши кармалды. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак менен кол салып жаткан адам. Иллюстрадивдүү сүрөт
Бычак менен кол салып жаткан адам. Иллюстрадивдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мушташтын видеокамерага түшүп калганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Москвада массалык мушташтан жабыркаган үч кыргызстандык ооруканада жатат. Ал эми көз жумган 20 жаштагы жигиттин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эске салсак, окуя 19-июнь күнү таңкы саат 5.30дарда болгон. Анда 18-20 жаштагы балдардын тобу Большая Семеновка көчөсүндөгү "Иссык-Куль" ресторанында эс алып чыккандан кийин уруша кеткен. Балдардын бири бычак жеп каза болгон.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты
Элчиликтин маалыматына ылайык, Москванын Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайловский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы кезде шектүү адамдарды кармоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.

Мушташтын жүрүшү имараттагы көзөмөл камерасына түшүп калган.

ИИМдин өкүлчүлүгү окуянын ыраатын баяндап, мушташтан каза тапкан жигит Жалал-Абаддагы Аксы районунун тургуну экенин билдирди.

"Чыр азиат түспөлүндөгү 10-15 баланын ортосунда чыккан. Бычак жеп ар кандай жарааты менен ооруканага түшкөн үч жигит Сузак, Кара-Кулжа жана Өзгөн районунун тургундары экени аныкталды. Баары тең 19-20 жашта. Адам өлтүрүү жана ур-токмокко алуу боюнча эки иш козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө 20-июнь күнү кылмыштарга шектүү катары Өзгөн районунун эки тургуну кармалды. Учурда алар Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта милиция кызматкерлери кылмышка тиешеси бар башка жарандарды издеп жатат.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аталган өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерди РФтин мыйзамдарын сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0