Ала-Белде аласалып сууга кулаган газовоздун айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиДТП с грузовым автомобилем марки DAF с цистерной газа на автотрассе Бишкек — Ош
ДТП с грузовым автомобилем марки DAF с цистерной газа на автотрассе Бишкек — Ош  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу Бишкектен Жалал-Абадды көздөй 15 тонналык цистерна менен жаратылыш газын ташып бараткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиБишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган.
Бишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган.
© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиЖол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон.
Жол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон.
© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиАлдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.
1/3
Бишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган.
2/3
Жол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон.
3/3
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.

Жол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон.

"Рулда Кара-Балта шаарынын 52 жаштагы тургуну болгон. Ал Бишкектен Жалал-Абад шаарына 15 тонналык цистерна менен жаратылыш газын ташып бараткан. Бир маалда жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган", — деди Сатыбалдиев.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал жеринде мүрт кеткен. ЖКККБдан билдиришкендей, газ сыртка чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0