Токмоктогу дарыкананы тоноп беш жылга соттолгон жарандын иши кайра каралат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттар Токмок шаардык сотунун чечимине арызданып, айыпталуучуга жеңилирээк жаза берүүнү суранууда.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Токмоктогу дарыкананы тоноп беш жылга эркинен ажыратылган жарандын иши кайра каралат. Бул тууралуу "Прецедент" юридикалык компаниясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттук отурум Чүй облустук сотунда 10-июлда болот. Акысыз кызмат көргөзгөн адвокаттар Токмок шаардык сотунун чечимине карата доо арыз жазып, эркинен ажыратылган жаранга жеңилирээк жаза берүүнү суранууда.

"Айыпталуучу өзүнүн кылганын мойнуна алгандыгына байланыштуу, аны беш жылга эмес, алты айга гана эркинен ажыратуунун суранып жатабыз. Шаардык сот ага карата өтө катуу чара колдонгон", — деп билдиришти.

Бывший вице-мэр Новосибирска приговорен к 8,5 годам колонии за связи с ОПГ - Sputnik Кыргызстан
Токмокто баласына дары алам деп кесилген кишиге чыккан өкүм туурабы? 6 юристтин ою
Эске сала кетсек, Токмоктогу дарыканалардын бирин карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти делген 33 жаштагы жаранды шаардык сот 14-майда беш жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом төлөмөр кылган. Өз көрсөтмөсүндө ал баласы ооруп, акчасы жок болгондуктан курткасын күрөөгө коюп, дарыканачыдан дары берүүнү өтүнгөн. Сатуучу баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайтып келген да кассадагы акчаны алып кеткен.

Камакка алынган Замирбек Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кыз, бир уулу бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0