Бутуна кыш байланган кишинин сөөгү Канттагы каналдан табылды. Шектүү аталууда

Жазылуу
Тергөөдөгү алдын ала маалыматтарга караганда, күйөөсүнүн өлүмүнө аялынын тиешеси бар.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери 44 жаштагы аялды күйөөсүн өлтүрүшү мүмкүн деген шек менен кармашты. Бул туурасында Чүй облустук милициясы кабарлады.

19-июнда ӨКМдин кызматкерлери милицияга Кант аркылуу агып өткөн Чоң Чүй каналынан кыйналып өлтүрүлгөн деп шек жараткан кишинин сөөгү табылганын билдиришкен. Маркумдун бутуна жип менен кыш байланганы кошумчаланган.

"Окуя болгон жерге ыкчам иштеген топ жетип барып, маркумдун Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну экендигин аныктады. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

На видео попали участники массовой драки кыргызстанцев в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвада мушташкан КР мигранттары видеого түшүп калган
Маркумдун бул ишке тиешеси бар деп шектелген 44 жаштагы аялы кармалган. Тергөөдө кылмыштын жубайлар урушуп жатканда жасалганы айтылууда. Ал кандуу окуянын изин жашыруу үчүн күйөөсүнүн өлүгүнүн бутуна кыш байлап, сууга чөктүрүп жиберген деген божомол айтылууда.

Бул окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, аял Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми тартип сакчылары окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0