04:16 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Акча. Архивдик сүрөт

Балдарды Түркияга жиберем деп ата-энелерди сызга отургузган аял кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
204 0 0

Элден акча алган аял туристтик агенттиктин кызматкери болуп иштей турганын айткан. Милицияга арыз менен кайрылгандардын саны 11ге жетти.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Октябрь РИИБдин Криминалдык милиция кызматында иштегендер шылуундукка шектелген 43 жаштагы аялды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. 

Подозреваемая Б. Д. в серийном мошенничестве
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Шылуундукка шектелген 43 жаштагы аялды кармашты

Маалыматта колго түшүрүлгөн аял туристтик агенттикте иштеп, балдарды Түркияга жиберем деп бир канча адамды ири суммага алдап кеткени айтылат.

"Октярь райондук милициясына 18-июнь күнү бир аял кайрылып, турагенттиктин кызматкери 4-апрелде Түркияга жиберем деп 3 500 доллар алганын, бирок сөзүнө турбаганын айткан. Факт Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси («Шылуундук») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган", — делет билдирүүдө.

Ошол эле күнү милицияга башка аял да арыз жазып, жогоруда айтылган турагенттиктин кызматкерине доомат койгон. Түркияда эс алуу үчүн шылуун аял "кардарынан" 38 400 сом алып, сызга отургузуп кеткен. Менталдык арифметика боюнча балдарын Түркияга жиберем деп 147 миң сомун алдатып жиберген эркек киши да жабыркагандардын катарына кошулган.

Тартип сакчыларына дагы бир киши кайрылып, жогоруда аталган кызматкерге чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда Анталияга тур уюштурам деп 5000 доллар алып, 1900 доллар кайтырымын берип, ошо боюнча жок болгон аял тууралуу айтылат.

Бир эле аялдын үстүнөн арыз жазгандардын саны 11ге жеткен. Алардын баары каттоого алынып, кармалган аял Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тема боюнча

Өнөктөшүнүн пансионатын тартып алган. ИИМ кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады
Белгилер:
Түркия, шылуун, акча, шектүү, арыз, аял

ЭҢ МААНИЛҮҮ