Сооронкулова: Атамбаевдин аппараты Конституциялык палатага көрсөтмө берчү

© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КРСооронкулова Клара Сыргакбековна, судья Конституционной палаты
Сооронкулова Клара Сыргакбековна, судья Конституционной палаты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты Конституциялык палатанын ишине кийлигишип, көрсөтмөлөрдү берчү. Бул тууралуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

"Мен иштеп турган кезде президенттин аппараты жана андагы аткаминерлер Конституциялык палатанын ишине аралашып, ар кандай жолдомолорду керек болсо кат түрүндө жөнөтүп турчу. Албетте аларда Атамбаевдин колу коюлган эмес. Бирок анын палатадагы өкүлү Мурат Укушевдин кол тамгасы менен келчү. Менде тиешелүү документтер бар. Бирок мыйзамдын бир дагы нормасында президенттин өкүлү болушу керектиги тууралуу айтылган эмес", — деди Сооронкулова.

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Тарых музейин оңдоодогу коррупциялык иштерде Атамбаевдин аты аталууда
Ошондой эле ал 2015-жылы "мындай башаламандыктан тажаганда" журналисттерге ачык интервью берип, бийликке жакпай калгандыктан кызматтан кетирилгенин кошумчалады.

Эске салсак, 2015-жылы Кыргызстандын Соттор кеңеши Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулованы кызматтан четтетүү боюнча сунушу менен президентке кайрылган. Кеңеш мындай чечиминде Баш мыйзамдын "Соттук өзүм билемдик уюштуруу" жана "Судьялардын статусу жөнүндөгү" 28-29-беренелерине таянган.

Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0