Таласта 90 жаштагы карыя сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский дом-интернат для престарелых
Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ сууга түшүүдө этият болууну байма-бай эскертип келет.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. ӨКМге Талас шаарында 90 жаштагы карыя сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бири экинчисин куткарам деп чөгүп кеткен. Баткенде эки жигиттин сөөгү табылды
Абышканы мындан эки күн мурда туугандары өз алдынча издешкени белгилүү болду. 17-июнда издөө иштерине жалпы жонунан 20 куткаруучу тартылып, саат 16.20ларда карыянын сөөгү табылган.

Мындан сырткары, Чүйдө Шамшы айылындагы Шамшы суусуна 14 жаштагы бала чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Өспүрүмдү издөөгө жалпы жонунан 55 киши тартылган. Натыйжада кечээ саат 9.15те өспүрүмдүн сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0