Көлдө малчы аялын кызганычтан атып салды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап
Стендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлардын ортосундагы чыр кызганычтан улам чыккан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Тоң районунун Сырт аймагында ок жеп каза тапкан аялдын өлүмүнүн чоо-жайы аныкталганын Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эскерте кетсек, сөөк табылганы тууралуу маалымат 17-июнь күнү таңкы саат 4.00дөрдө түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткени айтылган.

"Маркум Тоңдун Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну болуп чыкты. Алгач келин Кара-Саз тилкесинде атынып алган делинген. Тергөө иштеринин натыйжасында аял 29 жаштагы күйөөсү менен элдин малын багып жайлоодо жашап жүрүшкөн. 16-июнь күнү кызганычтын айынан үй ээси уруксатсыз сактап жүргөн мылтыгы менен жубайын төшкө атып жиберген. Алган жаракатынан келин ошол эле жерден көз жумган", — деди маалымат катчы.

Окуя Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0