Бир номерди 4 автоунаага тагып, эреже бузуп жүргөн киши кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТретье транспортное кольцо в Москве
Третье транспортное кольцо в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбордон бул номер жол эрежелерин бир нече ирет бузуп катталгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 15-июн. Мониторинг борбору менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы мамлекеттик жасалма номер менен кетип бара жаткан 20 жаштагы уланды кармады.

Ал Honda-Torneo автоунаасына жасалма номерди тагып кетип бара жаткандыгын аталган башкармалыктын маалымат кызматынын өкүлү Тилек Исаев билдирди.

"0006ВВ номерлүү автоунаа Бишкек-Манас жолунда токтотулган. Мамлекеттик “Унаа” ишканасынын маалыматына караганда, бул номер башка BMW-X5 автокөлүгүнө катталган", - деп айтышты алар.

Беш-Күнгөйдө мотоциклчен киши жолтандабасты сүзүп мүрт кетти - Sputnik Кыргызстан
Беш-Күнгөйдө мотоциклчен киши жолтандабасты сүзүп мүрт кетти
Аталган борбордон бул номер жол эрежелерин бир нече ирет бузуп катталгандыгын айтышты. Ал Toyota Camry, BMW-Х5, Mersedes-Benz W210 жана Honda Torneo унааларынан байкалган. Соңку кармалган автокөлүк атайын айып короого токтотулган. Ал эми номер алынып, протокол толтурулган.

Исаев бул мыйзам бузуу фактысы үчүн аталган айдоочу 10 миң сом төлөй тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0