Таластын мэрине кол көтөрүп, унаасынын айнегин талкалаган. Милиция окуя тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековНаезд на пешехода на проспекте Чуй
Наезд на пешехода на проспекте Чуй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши кармалып, кийинчерээк шаардык сот аны сыртка чыкпайт деген кагаздын негизинде коё берген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековго жергиликтүү тургун кол салганын Талас облусунун ИИББнын маалымат кызматынын улук инспектору Динара Сарногоева кабарлады.

Түндө Бишкекте такси кызматынын унаасы жол тандабас менен кагышты - Sputnik Кыргызстан
Жол тандабасты сүзгөн таксист жүргүнчүсүн таштай качты. Бишкектеги кырсыктын сүрөтү
Окуя 10-июнда болгон. Талас муниципалитетинин башчысы Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн бирине барып, көмүрдү мыйзамсыз сатууну токтотууну талап кылган. Буга чейин тургунга карата туура эмес жерде соода ишин жүргүзүп жатканы боюнча даттануу болгону айтылат.

57 жаштагы киши шаар башчысынын айтканына көнбөй, ачууланган. Мындан улам мэр экөөнүн ортосунда кайым айтышуу жаралган. Тургун мэрге басынткан сөздөрдү айтып, бир чаап, андан соң кызматтык унаасынын айнегин таш менен урганы маалымдалды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мэрдин арызы менен 266-берене боюнча (бейбаштык) кылмыш иши козголгон. Эркек киши кармалып, кийинчерээк шаардык сот аны сыртка чыкпайт деген кагаздын негизинде коё берген. Тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0