Тажикстандын Согд облусунда эки чабанды 200 кою менен кар көчкү басып калды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЧабандар. Архив
Чабандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жергиликтүү тургундар чабандарды издөө аракетин көрүп жатат.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Тажикстандын Согд облусунун Горно-Матчинск районунда кар көчүп, эки чабанды 200 кою менен кошо басып калды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Азыркы тапта айыл тургундары чабандарды издеп табууга аракет көрүп жатат. Кырсык 10-июнда Гузн жана Гукат айылдарынын жака-белиндеги Гузн ашуусунда болгон.
Ошондой эле аба ырайынын катаалдыгынан улам Пакшиф кыштагында 15 күндөн бери 8 миң баш кой кар көчкү коркунучунан чыга албай турганы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0