Көлдө кешик жеп уулангандардын саны 26га жетти. Той ээси окуя тууралуу

Жазылуу
Тойдо жасалган тамактардан, андан сырткары, беш үй-бүлөнүн үйүнөн эттин үлгүлөрү алынды.

КАРАКОЛ, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында тойдо болгон уулануудан жабыркап ооруканага кайрылгандардын саны 26 кишиге жетти. Бул тууралуу Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлүшкан Тайлакова билдирди.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дарыгер: үй шартында даярдалган салат, тамак-аштан уулангандар көбөйдү
Жабыркагандардын арасында бир жашка чейинки эки наристе, 14 жашка чейинки беш өспүрүм бар. Калгандары чоңдор. Учурда 12 адам райондук ооруканада дарыланып жатса, калган 14 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Той берген адамдын айтымында, 8-июнда кызын Жалал-Абадга турмушка узаткан. Эртеси, 9-июнда, саат 16:00дөр чамасында кошуналарына Бишкектен кешикке бышырылып келген кой этинен ооз тийгизген. Жыйынтыгында 10-июнга караган түнү айылдаштары ууланган. Кечээтен бери санитардык көзөмөл кызматы эки топко бөлүнүп иш алып барууда.

"Ак-Суу райондук эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнө 10-июнда кайрылуу келип түшкөн. Тез арада бригада түзүлүп, стационардык жана амбулатордук иш алып барган. Тойдо жасалган тамактардан, андан сырткары, бригаданын өкүлдөрү беш үй-бүлөдөн эттин үлгүлөрүн алган. Азырынча так кесе айта албайбыз. Ошентсе да Бишкектен бышырылып келген эт туура эмес жерде сакталганы болжолдонууда. Так жыйынтык үч күндөн бир айга чейинки убакытта чыгарылат", — деди Тайлакова.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кыз узатуу тоюнда ондон ашык жаран ууланып, ооруканага түшкөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0