Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековИспытание среди бойцов спецназа "Скорпион" на получение "зеленого берета"
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ала-Бука чек ара отрядынын жоокери өзүм билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кетип баратканда кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ал мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан. Кармалгандан кийин аскер бөлүгүнө кайтарылган. Окуя 9-июнда болгону айтылды.

"Окуя тууралуу аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кабар берилген", — делет маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0