Нарында милициянын отставкадагы подполковниги футболдон кийин каза болду

Жазылуу
Оюн учурунда ал өзүн жаман сезгендиктен ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Нарында футбол оюнунан кийин милициянын отставкадагы подполковниги, 51 жаштагы О.Т. каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 9-июнда ардагерлер катышкан футбол боюнча турнирде болгон.

"Оюн учурунда ал өзүн жаман сезгендиктен ооруканага жаткырылган. Ал инфаркттан улам каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Отставкадагы милиция кызматкери үзүлгөнү тууралуу укук коргоо органдарына жергиликтүү ооруканадан билдиришкен. О.Т. аттуу жаран 2016-жылы пенсияга чыккан. Анын сөөгү 11-июнда жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0