Соң-Көл жайлоосуна бараткан малчылар бороондо калып, бирөө каза болду

© AFP / JOSEPH EIDЗаповедник в Шуф
Заповедник в Шуф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бороондон улам 30 кой, үч жылкы, бир эшек жардан кулап кеткен.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кочкор районунда 8-июнь күнү Туз айылынын 5 тургуну Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бара жатып Чалай кыштоосундагы бороондон улам адашып, Көнөк ашуусун аша албай калышкан.

Ошондой эле 51 жаштагы М.К. аттуу жарандын кан басымы жогорулап, суукка туруштук бере албай каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары 30 кой, үч жылкы, бир эшек бороондон улам жардан кулап кеткен.

"9-июнь күнү туугандары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан. Жерине алты куткаруучу, 2 дарыгер жана жергиликтүү төрт киши чыгып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, мал-жандыктарын чогултуп Туз айылына айдап келишкен. Каза болгон адамдын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал эми калган 4 адам айылдагы ооруканага жеткирилген. Абалдары жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0