Сокулукта поезд коюп кеткен кишинин өздүгү такталбай жатат. Белгилери

Жазылуу
Кырсык 5-июнь күнү болгон. Азыр маркумдун сөөгү өлүкканада.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ушул жуманын шаршембисинде поезд алдында калып, алган жараатынан көз жумган кишинин ким экени такталбай жатат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Кыргызстанец попал в ДТП в Крыму — микроавтобус столкнулся с ГАЗелью. Видео - Sputnik Кыргызстан
Крымдын жолунда кыргызстандык киши кырсыкка кабылды. Видео
Маалыматка ылайык, кырсык Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо менен Ала-Тоо конуштарынын аймагында болгон. Каза болгон эркек кишинин болжол менен 40-45 жаштарда экени айтылды. Окуя болгон жерде мерт кеткен кишинин сөөгү моргго жеткирилген.

Белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, узун кара чачтуу. Кыска жеңдүү ак футболка, көк түстөгү жинсы шым, бутуна спорттук бут кийим, ак байпак кийип жүргөн. Курчанган куру күрөң түстө экени айтылды.

ИИМ маркум тууралуу билгендер болсо 0312 351270, 0702 102702, 0701 351270 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0