ШИИБ: Бишкекке жакын жерден өспүрүмдүн сөөгү табылды

Жазылуу
Учурда окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында 3-июнда өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери анын сөөгүн асылып турган жеринен табышкан.

ОИИБдин билдиришинче, маркум 17 жашта жана Сокулук районундагы мектептердин биринде 9-класста окуп келген.

Учурда окуянын бардык чоо-жайы аныкталууда. Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сокулук РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0