Жолтандабас гана алчу. Бишкекте шылуундукка шектелген киши кармалды

© AP Photo / David ZalubowskiЖолдтандабастар. Архив
Жолдтандабастар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын башында укук коргоочулар шектүүнү кармап, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизди.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы алдамчылыкка шектелген 39 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба МВД КРШектүү
Жолтандабас гана алчу. Бишкекте шылуундукка шектелген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Маалыматка караганда, шектүү кымбат баалуу унаалардын ээлерин алдап, жалпысынан 500 миң долларлык чыгым келтирген.

"Ушул жылдын аянварь айында укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын жараны кайрылган. Ал 2018-жылдын июлунда Раимжан аттуу адам анын 37 миң долларлык BMW-X6 унаасын алдоо жолу менен алып алганын айткан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-жетекчиси Петрушевский кармалды
Ошондой эле бул адам дагы бир кишиден 45 миң долларлык Lexus автокөлүгүн оңдоп берем деп алып, бербей койгону белгилүү болду.

Июнь айынын башында укук коргоочулар шектүүнү кармап, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө маалында мурда соттолгон бул жарандын мойнунда ушул сыяктуу дагы 30дай факты бар экени билинди. Ошондой эле ал Бишкек тургунунун батирин алып алганы аныкталды.

Криминалдык милиция кызматы бул кишинин курмандыгы болгон жарандарды 0312-26-62-61, 0702-85-00-23 жана 0555-69-66-63 номерлери аркылуу кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0