13:51 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Акча. Архивдик сүрөт

Нарында шылуундар 270 кишини 30 миллион сомго сызга отургузуп кетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
547 0 0

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эл 30 миллион сомдон ашык акчасын алдатып жиберген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Нарында шылуундардын тобу 270 кишини тез аранын ичинде байый турганын айтып, "жакшы киреше алып келе турчу бизнеске" акча салдырып, сызга отургузуп кеткен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Алданган жарандар кайрылгандан кийин аталган кызмат финансы пирамидасын таап чыккан.

Финполдун версиясы боюнча, бул ишти А. к. Э. аттуу аял менен А.Н. жана А.Р. аттуу жарандар уюштурган. Алар F.W. аттуу компанияны Юстиция министрлиги менен Салык кызматынан каттоодон өткөрбөй туруп Нарын шаарынын борбордук базарынан кеңсе ачышкан.

"Аты аталган жарандар финансы пирамидасы үчүн шарт түзүп, айрым адамдардын ишенимине кирип, компанияга башка кишилерди да тартканы үчүн акча аларын айтышкан", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген чыгым 30 миллион сомдон ашкан. Ошол эле маалда компанияга катталуу үчүн эң аз 7 миң сом, эң көп 2 миллион сомго чейин төлөө керек болгон.

24-майда Чүй облусундагы "Ак-Тилек" чек ара бекетинен өтүүгө аракет кылган А. к. Э. аттуу жаран кармалган. Ал Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ошол эле күнү соттун чечими менен кармалган жаран эки айга камалган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда.

Тема боюнча

Ошто банкоматты талкалап 1,5 млн. сомду уурдап кетишти
Белгилер:
акча, алдамчылык, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ