Таш-Көмүрдө эки жашар бала каналга түшүп кетти

CC BY 2.0 / Julie Jordan Scott / Child's shoe left behindСлучаи утонувших детей в озерах КР
Случаи утонувших детей в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктүн сөөгү табылып, туугандарына тапшырылды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарынан куткаруучулар эки жашар баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бала 3-июнда саат 13:17де жоголгон. Куткаруучулар бала Сол жээк каналына түшүп кетиши ыктымал деген маалымат алышкан.

Анын сөөгү саат 14:00дө табылып, туугандарына тапшырылды. Издөө иштерине 15 куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0