Кара-Суу: бир жумадан бери изделген 7 жаштагы баланын сөөгү каналдан табылды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүРабота Люберецких очистных сооружений
Работа Люберецких очистных сооружений - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеткинчек 27-майдан бери дайынсыз болчу.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда бир жумадан бери изделип жаткан жети жаштагы баланын сөөгү 3-июнь күнү Кайырма каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жардамдашкыла! Суусамырда үч жаштагы бөбөк жоголуп, изделип жатат
Белгилей кетсек, куткаруучуларга маалымат 27-май күнү саат 23.00дөрдө түшкөн. Ошондон бери уланган издөө иштерине 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан беш адам тартылган.

Натыйжада 3-июнь күнү саат 16.15те баланын сөөгү Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөнү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0