ИИМ: Нарында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун жаштар канатынын лидери кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора по делу об убийстве журналиста И.Домникова
Оглашение приговора по делу об убийстве журналиста И.Домникова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү маалында шектүүнүн үйүнөн араб тилиндеги китептер, кол жазмалар, DVD, ок атуучу куралдын тетиктери жана ок-дары табылган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Нарын облусунун 29 жаштагы тургунунун үйүнөн тыюу салынган экстремисттик материалдарды тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Халифат курам деген хизбутчу үч жылга кесилди
Милиция кызматкерлери соттун 24-майдагы чечиминин негизинде тинтүү иштерин жүргүзгөн. Укук коргоочулар колго түшкөн Ак-Талаа районунун жашоочусу "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун жаштар канатынын лидери дешүүдө.

Шектүүнүн турак-жайынан араб тилиндеги китептер, кол жазмалар, DVD, ок атуучу куралдын тетиктери жана ок-дары табылган. Колго түшкөн жаран Бишкек шаарына жеткирилди.

XX кылымдын ортосунда пайда болгон "Хизб ут-Тахрир" уюму ислам теократиялык мамлекетти түзүүнү көздөп келет. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстан менен кошо бир катар мамлекеттерде тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0