10:37 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Жалал-Абад шаарындагы банктардын бирине кол салды деп шектелген жаран кармалып, ага эки берене менен кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылды деп шектелген адам кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
359 0 0

Аталган факты боюнча Жазыктар кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы банктардын бирине кол салды деп шектелген жаран кармалып, ага эки берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Задержанный по подозрению в попытке ограбления филиала одного из банков
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Жалал-Абад шаарындагы банктардын бирине кол салды деп шектелген жаран кармалып, ага эки берене менен кылмыш иши козголду

Ушул жылдын 25-май күнү Ленин көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринин имаратындагы сактык кассасына кол салуу болгон.

“Жашы болжол менен 20 менен 30дун ортосундагы жаран кара беткап кийип алып, банктын кароолчусун коркуткан. Бирок эч нерсе ала албаган бойдон качып кеткен”, — деп айтылат билдирүүдө.

  • Обнаруженные вещи у задержанного по подозрению в попытке ограбления филиала одного из банков
    Жалал-Абад ОИИБинде ыкчам издөө тобу түзүлүп, көп өтпөй шектүү катары Сузак районунун 46 жаштагы тургуну кармалган
    © Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
  • Обнаруженный пистолет у задержанного по подозрению в попытке ограбления филиала одного из банков
    Ал жашаган үйдү тинтүү маалында короосунан бир тапанча менен 3 ок табылган.
    © Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Жалал-Абад ОИИБинде ыкчам издөө тобу түзүлүп, көп өтпөй шектүү катары Сузак районунун 46 жаштагы тургуну кармалган

Жалал-Абад ОИИБинде ыкчам издөө тобу түзүлүп, көп өтпөй шектүү катары Сузак районунун 46 жаштагы тургуну кармалган. Ал жашаган үйдү тинтүү маалында короосунан бир тапанча менен 3 ок табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 253-беренеси (Курал жарак жана ок дарыларды мыйзамсыз сактоо) жана 202-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

“Учурда шектүүнүн Борбор Азиядагы диний экстремисттик агымдарга тиешеси бар жана кылмыш жолуна алардын көрсөтмөсү менен барган” делген маалымат текшерилип жатат.

Бул айыптоого анын үйүнөн табылган диний экстремисттик багыттагы адабияттар себеп болду.

Шектелүүчү мурда Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен жоопкерчиликке тартылганы айтылды.

Тема боюнча

Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылган куралчан киши кармала элек. Видео
Милиция ырчы Дайыр Исмадияровдун машинасын уурдады деген кишини кармады
Белгилер:
акча, шектүү, милиция, банк, Жалал-Абад облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ