Аткезчилердин 5 млн. долларын каракташмак. УКМК милиционерлер тууралуу

Жазылуу
Подполковник менен лейтенант кылмыштуу топко кошулуп аткезчилерди карактоого камынып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 31-Май. — Sputnik. Курал берип жаткан жеринен кармалган Чүйдүн Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары аткезчилик жол менен ташылган 5 миллион долларды карактоого белсенип жаткан. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан 30-майда Чүй облусунун Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. жана Москва райондук ИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. кармалган. Алар Чүй облусунда 12 калибрдеги чолок мылтык жана ок-дарыларды, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

"Операция учурунда К.К. өзүнүн ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен качып кетүүгө аракет кылып, бирок аны кармап жаткан топтун унааларынын бири менен кагышкан. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. экени аныкталды. Ал керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден 5 миллион доллар чамасындагы акчаны аткезчилик жол менен ташыгандарга кол салууга камынып жатышкан", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалган видео - Sputnik Кыргызстан
Көчөдөн тинтип... Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалган видео
Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш жаза кодексинин 321-беренеси боюнча катталды. Тергөө жүрүп жатат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш ишин уюштуруп, кийин ачылбай кала турган резонанстуу кылмыштын алдын алганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0