Башкы прокуратура Жамангуловдун коркутулушу боюнча териштирүү ишин баштады

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Акылбек Жамангулов
Депутат ЖК Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамангулов аны Рысалиев коркутканын айтып, басым болуп жатканын билдирген.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Депутат Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев менен элдешип алганы тууралуу маалымат тарап жатканын айтып, чын-төгүнүн сурады.

Бүгүн, 31-майда, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

"Иманкадыр Рысалиев менен жарашыптыр деген маалымат тарап жатат. Өткөндө келип "мени, үй-бүлөмдү коркутту" дедиңиз эле. Анан биздин комиссия укук коргоо органдарына кайрылып тийиштүү баа берилсин дегенбиз. Өзүңөр эле чече бергидей абал эмес да азыр. Комиссиянын деңгээлине чыкты, сиз арыз жаздыңыз дегендей. Эми силер бала бакчада жүргөн жоксуңар да", — деди Жапаров.

Өз кезегинде Акылбек Жамангулов эч кандай элдешүү жана жарашуу болбогонун белгиледи.

Директор ЗАО Альфа Телеком Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясынын жетекчиси канча айлык аларын айтты
"Андай болгон эмес. Мен ал киши менен (Иманкадыр Рысалиев – ред.) комиссиядан кийин сүйлөшкөн дагы, жолуккан дагы жокмун. Арыз Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушевдин каты менен Башкы прокуратура иш козгоптур", — деди ал.

Жамангулов ошондой эле ИИМдин кызматкерлери келгенин, аларга окуяны толугу менен баяндап бергенин айтты. Аны менен кошо депутаттык комиссиянын атынан келген кат боюнча аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталгандыктан арыз жазуудан баш тартканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Акылбек Жамангулов ага карата Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуп-үркүтүү болгонун айтып чыккан. Бирок Рысалиев Жамангуловдун айткан дооматтары суу кечпей турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0