Чүйдө кыз менен уландын бакка асылган сөөгү табылды

CC BY 2.0 / Gabriel Flores Romero / UniónСлучаи похищения людей
Случаи похищения людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштардын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда бакка асылган 19 жаштагы улан менен 16 жаштагы кыздын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

25-май күнү Сокулук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан кабар түшкөн.

Кара-Суйский район Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Кара-Cууда 19 жаштагы студент кыздын сөөгү өз батиринен табылды
Жерине Сокулук милициясынын ыкчам иликтөө тобу келип, айылдын четинде бакта асылып турган эки сөөктү табышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Сот өндүрүшүнө чейинки иш-чаралардын алкагында маркумдардын бири Сокулук районунда жашаган 19 жаштагы улан, экинчиси Нарын облусунун Кочкор районунда жашаган 16 жаштагы кыз экени аныкталды.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0