"Акнеттин" президенти менен бухгалтери эки айга камакка алынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор №2 Бутырская тюрьма
Следственный изолятор №2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучулар 28-июлга чейин камакта калтырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажумидинов менен ошол эле фирманын бухгалтерин жана "Стройсеть" компаниясынын директорун №1 тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына сот органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Баш коргоо чарасы бүгүн, 30-майда тандалды. Сот үч айыпталуучуну 28-июлга чейин камакта калтырды. Алар 28-майда кармалган болчу.

2018-жылдын ноябрь айында интернет-провайдердин баш кеңсесинде тинтүү жүргөн, анда компанияны салык төлөгөндөн качты деп шек санашкан. Жазык кодексинин 221-беренеси менен иш козголгону маалым.

Компаниянын жетекчисине "Акнеттин" тең түптөөчүсү Руслан Абдумажитов арыз жазган. Ишти алгач Финансы полициясы тергеген. Андан соң Башкы прокуратура ИИМге өткөрүп берген. Бир катар ЖМКлардын жазганына караганда, биринчи орган ишти туура эмес алып барган.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов тергөө абагына киргизилди
Иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы абоненттик төлөм катары "Акнетке" бир миллиарддан ашык акча түшкөнү белгилүү болгон. Анткен менен компания ошол жылдын эсеби менен пайда 195 миллион гана сом болгон деп белгиленип, калган каражат чыгым катары жазылып кеткени айтылды. 2018-жылдын эсебине "Акнетке" абоненттик төлөм катары 1,2 миллиард сом түшкөн.

Маалыматта ИИМдин аталган ишкананын жетекчилигинин чыгымды негизсиз көбөйтүп көрсөткөнүн жана 150 миллион сомдук салык төлөнбөй калганын таап чыкканы айтылган.

Милициядан "Акнетке" тиешелүү болгон 11 компания аныкталгандыгын, кеп алардын бири "Строй Сеть" компаниясы туурасында жүрүп жаткандыгын маалымдашкан.

2016-жылдын июнь айынан тарта 2018-жылга чейин "Строй Сеть" ЖЧКсына 101 миллион 99 миң 401 сом которулган. Акча нак алынып, кызмат көрсөтүлдү деп белгиленген. Бирок текшере келгенде аларды тастыктай турган документтер чыккан эмес.

Эки компаниянын 2018, 2016-жылдардагы иштери боюнча аудит жүргүзүлүп, 14 миллион 176 миң 173 сомдун мыйзамсыз түрдө кечип салганы аныкталган.

Кармалгандарга алардын Жазык кодексинин 205-берене (Ишенип берилген мүлктү, ири суммадагы каражатты адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ыйгарып алуу же коротуу) менен шек саналып жатканы түшүндүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0