Чек арадан машинага төшөккө оронуп жашынган киши кармалды

Жазылуу
Кармалган кишиге соттун чечими менен чет жакка чыгууга тыюу салынган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Машинага жашынып алып чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Баткенге кирип бара жаткан жеринен издөөдөгү согушкерлер кармалды
Ага ылайык, 29-майда Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан чек арачылар Ford Transit автоунаасын токтотушкан. Анын ичинен төшөккө оронуп, үстүн жыгач менен бастырып алган киши табылган. Айдоочу аны чек арадан билгизбей алып өтүүгө аракет кылган.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, машинага жашынган кишиге соттун чечими менен чет жакка чыгууга тыюу салынган. Кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0