Кара-Суунун Төлөйкөнүндө 7 жашар бала эки күндөн бери дайынсыз

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүБут кийим аткан бала. Архивдик сүрөт
Бут кийим аткан бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери бүгүн да жүрөт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 7 жашар бала эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто 10 жашар кыз каналга агып кетти
Жеткинчектин жоголгону тууралуу маалымат 27-май күнү саат 23.00дөр чамасында түшкөн. Туугандары бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экенин айтып, куткаруучулардан жардам сураган.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен ИИМ кызматкерлери тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

Маалыматта бала бүгүн да изделери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0