"Акнет" иши: жетекчиси, эсепчиси жана дагы бир компания башчысы кармалды

© AFP / Marcel Kusch / POOLСудебное разбирательство в Дортмунде
Судебное разбирательство в Дортмунде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган ишти Финансы полициясы карап келсе, азыр тергөө ИИМге өттү.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Акнет" ЖЧКсынын иши боюнча компаниянын президенти Кубан Ажумидинов, эсепчиси жана "Строй Сеть" ишканасынын директору кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын ноябрь айында интернет-провайдердин баш кеңсесинде тинтүү жүргөн, анда компанияны салык төлөгөндөн качты деп шек санашкан. Жазык кодексинин 221-беренеси менен иш козголгону маалым.

Компаниянын жетекчисине "Акнеттин" тең түптөөчүсү Руслан Абдумажитов арыз жазган. Ишти алгач Финансы полициясы тергеген. Андан соң Башкы прокуратура ИИМге өткөрүп берген. Бир катар ЖМКлардын жазганына караганда, биринчи орган ишти туура эмес алып барган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы абоненттик төлөм катары "Акнетке" бир миллиарддан ашык акча түшкөнү белгилүү болгон. Анткен менен компания ошол жылдын эсеби менен пайда 195 миллион гана сом болгон деп белгиленип, калган каражат чыгым катары жазылып кеткени айтылды. 2018-жылдын эсебине "Акнетке" абоненттик төлөм катары 1,2 миллиард сом түшкөн.

Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Каттоо кызматынын айрым жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды
Маалыматта ИИМдин аталган ишкананын жетекчилигинин чыгымды негизсиз көбөйтүп көрсөткөнүн жана 150 миллион сомдук салык төлөнбөй калганын таап чыкканы айтылган.

Милициядан "Акнетке" тиешелүү болгон 11 компания аныкталгандыгын, кеп алардын бири "Строй Сеть" компаниясы туурасында жүрүп жаткандыгын маалымдашты.

2016-жылдын июнь айынан тарта 2018-жылга чейин "Строй Сеть" ЖЧКсына 101 миллион 99 миң 401 сом которулган. Акча нак алынып, кызмат көрсөтүлдү деп белгиленген. Бирок текшере келгенде аларды тастыктай турган документтер чыккан эмес.

Эки компаниянын 2018, 2016-жылдардагы иштери боюнча аудит жүргүзүлүп, 14 миллион 176 миң 173 сомдун мыйзамсыз түрдө кечип салганы аныкталган.

Кармалгандарга алардын Жазык кодексинин 205-берене (Ишенип берилген мүлктү, ири суммадагы каражатты адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ыйгарып алуу же коротуу) менен шек саналып жатканы түшүндүрүлгөн.

Алардын Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилгендиги маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0