Баткенге кирип бара жаткан жеринен издөөдөгү согушкерлер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29 жана 27 жаштагы жарандарды чек арадан текшере келгенде жанынан Калашников автоматы табылган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Сирия — Ирактын аймагынан Баткен облусуна мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдун кыргызстандык мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Мамлекеттик чек ара боюнча кызматтын биргелешкен операциясы 25-майда болгон.

29 жана 27 жаштагы жарандарды чек арадан текшере келгенде жанынан Калашников автоматынын огу табылган.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды
Р.Б. аттуу адам КМШнын мамлекеттеринин биринде жүрүп, эл аралык террордук уюмдун эмиссарынын таасирине кирип, Сириядагы согушка катышып келген. Эки жыл мурда жасаган террордук иштери үчүн Интерполдун алкагында эл аралык издөө салынган. Буга эл аралык террордук уюмдардын курамына кирип алып, башка өлкөлөрдө согушуп жүргөнү кошулган.

Кармалган экинчи адам Р.У. да аталган уюмдун эмиссарынын кайырмагына илинип, Сириядагы согушка катышкан.

Экөө тең эл аралык террордук уюмдун лагерлеринде террордук аракеттерди жасоо боюнча атайын даярдыктан өткөн.

Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0