Булчуң өстүрөм деп дары ичкен казакстандык төрт бала комага түшүп калган

CC BY 2.0 / jessica.c.thwaite / IMG_3705Отравление таблетками
Отравление таблетками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандарды Тез жардам кызматы бир нече бригада менен алып кеткен.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстанда төрт өспүрүм булчуң өстүрүү максатында дары ичип, мунун кесепетинен ден соолугу начарлап, ооруканага түштү. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Маалыматта, балдар жатарда финлепсин дарысынан ар бири 15 даанадан ичкени айтылат. Алар Акмоло облусундагы Ерейментау райондук ооруканага түнкү саат үчтөн тарта биринин артынан бири түшө баштаган. 16, 14 жана 13 жаштагы окуучулар жана бардыгы тең бир айылдын тургундары экени маалым болду.

Акмоло облустук Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматында, өспүрүмдөрдүн дене-башы титиреп, калчылдап, ууланып, оор абалда келген. Аны адистер сопор-кома деңгээли деп аташкан.

"Балдар финлепсин препаратынын жардамы менен булчуңдарын өстүрүүнү ниет кылганы белгилүү болду. Ар бири 15 таблетка ичкен", — деп айтылат маалыматта.

Кудай сактаптыр! Эркек киши аз жерден кызын өрттөп ала жаздады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кудай сактаптыр! Эркек киши аз жерден кызын өрттөп ала жаздады. Видео
Аларга дарыны ооруканага түшкөн баланын бири берген. Анын айтымында, ал "талма" илдети менен диспансердик каттоодо турат.

Учурда өспүрүмдөр дагы деле жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө. Алардын бири эсине келип, көзүн ачканын кабарлашты.

Ошондой эле маалыматта, финлепсин препараты талманын оор кезинде колдоно турганы белгиленген. Аны ашкере колдонуу жүрөк менен бөйрөккө, кан айлануу системасына жана дем алуу органдарына кедергисин тийгизет. Финлепсиндин булчуң өстүргөнгө пайдасы бары-жогу дарыгерлер тарабынан айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0