Бишкекте сабалган жигит ооруканада каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя дээрлик үч ай мурда болгон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Адамдын ден соолугуна залал келтирип, өлүмгө жеткирген деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 3-мартта 21 жаштагы Т.У. аттуу жигит ооруканага түшкөн. Ал Краснознаменная көчөсү тарапта жаткан жеринен табылган. Дарыгерлер ага мээси жабыркаган деген диагноз коюшкан, бейтап 10-мартта үзүлгөн. Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

"2-мартта Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде балдар мушташып, Т.У. аттуу жаран Краснознаменная көчөсүн көздөй качкан, анын артынан белгисиз киши кууп жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 23 жаштагы Б.А. аттуу киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0