Аткаминердин өлүмүнө шектелип жаткандар шарттуу түрдө кесилди

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүСудебный молоток
Судебный молоток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр, 21-октябрда, Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан кийин Жакыпбаев каза тапкан.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаарынын октябрь райондук соту "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, былтыр, 21-октябрда, Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде Жакыпбаев кырсыкка учураган. Аткаминердин унаасын жолтандабас артынан келип сүзгөн. Машинадан чыккан эки жигит менен Жакыпбаевдин ортосунда чыр чыгып, аткаминер жыгылып калган. Башы менен бордюрга тийип, ал ошол жерден көз жумган. Укук коргоочулар андан кийин эки кишини кармаган (айдоочу менен жүргүнчүсү). Шектүүлөр тергөө абагына киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси ("Адамды өлүмгө алып келгидей ден соолукка залака тийгизүү") боюнча иш козголгон. Кийин бул берене өзгөртүлгөн.

Начальник 9-й службы ГКНБ Дамир Мусакеев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев беш жылга кесилди
Айыпталуучулардын биринин адвокатынын айтымында, 19-ноябрда аяктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары аткаминер жүрөк кан тамырлары оорусунун кесепетинен каза тапканын көрсөткөн. Ошондой эле үч күбө окуя болгон жерде мушташ болбогонун айткан.

Кийин соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев жүрөк кан тамырлары оорусунан көз жумганы айтылган

Сот эки жаранды тең КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин (1997-жыл 1-октябрь) 234-беренесине (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюмдашкан топ тарабынан жасалган ээнбаштык) ылайык күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Бирок ушул эле кодекстин 63-беренесине (Шарттуу соттоо) ылайык чечим үч жылдык саноо мөөнөтү менен шарттуу деп табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0