Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады

Жазылуу
Милицияга арыз менен кайрылган жаран белгисиз киши анын тууганын күчтөп унаага салып кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды
Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды

Милицияга арыз менен жабырлануучунун тууганы кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 20-майында саат 23.40тар чамасында бейтааныш киши анын 1996-жылкы тууганын күч колдонуу менен унаасына отургузуп, колуна кишен салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген.

"Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүү катары 1993-жылкы О.Б. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучунун абалы тууралуу айтылган жок. Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0