Адам өмүрүн жолдо алган 7 эреже бузуу. ИИМ статистикасы

© AP Photo / LILLI STRAUSSАвтомобиль на фоне выставка "Wellness Череп" в Вене
Автомобиль на фоне выставка Wellness Череп в Вене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын негизги себептери — ылдамдыкты ашыра айдоо, каршы тилкеге чыгып кетүү, мас абалда айдоо.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстан боюнча жол кырсыгынан канча киши каза таап, канчасы жаракат алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бирдирмеге ылайык, өлкө аймагы боюнча өткөн жылы 5 995 жол кырсыгы катталган. Анда 9 160 киши ар кандай жаракаттарды алса, 716 адам көз жумган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары жана андан жабыркагандар азайды дегенди түшүндүрөт.

"Тагыраагы, унаа кырсыктары бир жыл ичинде 5,5 пайызга, өлүмдөр 21 пайызга кыскарган. 2017-жылы 6 346 жол кырсыгында 907 адамдын өмүрү кыйылган. Анткен менен жабыркагандардын саны көп өзгөргөн жок, 9 миңдин тегереги", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек жана Ош шаарлары тууралуу айтсак, 2018-жылы борбор калаада 2 313 жол кырсыгы болгон. Анда 2 064 киши жабыр тартып, 65 киши каза тапкан. Ош шаарында өлгөндөрдүн саны Бишкектикинен эки эсе көп — 119. Түштүк калаадагы 663 кырсыкта 6 346 адам жаракат алган.

Жол кырсыктарынын негизги себептери:

  • 30,8 пайызы — ылдамдыкты ашыра айдоо;
  • 28,1 пайызы — каршы тилкеде туура эмес маневр жасоо;
  • 10,1 пайызы — каршы тилкеге чыгып кетүү;
  • 7,0 пайызы — айдоочунун транспорт каражатын мас абалда башкаруусу;
  • 6,9 пайызы — айдоочулар жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүгү;
  • 6,8 пайызы — айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендиги;
  • 4,7 пайызы — айдоочунун аралыкты сактабагандыгы.

Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" айып пулу төмөндөтүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн тапшырмасы
Баса, Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден тартып Бишкек шаарында жол кырсыгынын саны 3,4 пайызга, каза болгондордун саны 68,8 пайызга кыскарганын билдирген. Ал эми Чүй облусу боюнча көрсөткүч 3,8 пайызга, автокырсыктан көз жумгандардын саны 37 пайызга төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар ишке кирип, эреже бузуунун 7 түрүн каттай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0