Кара-Сууда 25 бодо малды сел агызып кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүФермерское хозяйство в селе Мартюшево Омской области
Фермерское хозяйство в селе Мартюшево Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малдын өлүктөрү ошол жердеги жайытка көмүлгөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кара-Суу районундагы Ош — Папан — Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарында сел жүрүп, элдин 25 бодо малын агызып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык болгон жерге аталган министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, 27 куткаруучу барган жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.

Жаратылыштын бул кырсыгынан аккан малдын баары өлгөн. ӨКМ кызматкерлери менен айыл тургундары малдын өлүктөрүн Папан айылындагы жайытка кечки саат тогуздарда көөмп бүткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0