Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып кете жаздады

© Фото / пресс-служба ГПС КРСитуация на кыргызско-таджикском участке границы
Ситуация на кыргызско-таджикском участке границы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшүнбөстүк сарайдын сынган эшигин оңдоого болгон аракет учурунда чыккан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Карабак айылындагы Эски-Мазар аймагында 20-майда жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары менен айтыша кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, түшүнбөстүк сарайдын сынган эшигин оңдоого болгон аракет учурунда чыккан.

Белгисиз бирөөлөр кыргызстандыктардын шаймандары сакталган сарайдын эшигин талкалап кеткен. Имарат Тажикстандын чек арасына 5-6 метр эле жакын жайгашкан.

"Сарайдын сынган эшигин оңдоого аракет кылган кыргызстандыктарга тажик чек арачылары тоскоолдук кылышкан. Кыргызстандын чек арачылары да окуя болгон жерге келип, тажик чек арачылары менен сүйлөшкөн. Жыйынтыгында алар сарайдын эшигин оңдойбуз деген жергиликтүү элдин талабына көнгөн. Тажик тарап да аталган чек арада кызмат өтөгөн аскерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде кыргыз тарап да чек арага жакын жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0