Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки полковник каза болуп, эки офицер жаракат алды

Жазылуу
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Генералдык штабдын офицерлери оор абалда ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолунда жеңил автоунаа менен жүк ташуучу машина кагышып, Генералдык штабдын эки аскер кызматкери каза болгонун Чүй облусунун ЖКККБсынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 20-майда саат 6:30дар чамасында болуп, Mazda Demio менен жүк ташуучу автоунаа кагышкан.

"Аскер адамдары Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан. Алдын ала маалымат боюнча жеңил автоунаанын айдоочусу уктап кетип, машина жол четинде токтоп турган жүк ташуучу автоунаага урунган. Эки полковник кырсык болгон жерден каза болгон", — деп милициядан кабарлашты.

Жеңил автоунаанын ичиндеги эки офицер оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын маалымат кызматы офицерлер сөөк коюуга барышканын билдирди. Жол кырсыгы "Сосновка" постунун аймагында болгон. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0