Айылдашын тамеки үчүн өлтүрө сабаган. Нарындагы чуулуу окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековАдамды сабап жаткан эркек киши. Архив
Адамды сабап жаткан эркек киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү чоң муштумду тогуз жылга эркинен ажыратып, көз жумган адамдын жакындарына 100 миң сом төлөмөр кылды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Тамекинин айынан чыккан уруш төрт баланы атасыз калтырды. Бул тууралуу соттук өкүм Жогорку Cоттун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 2018-жылдын август айында Ат-Башы районундагы айылдардын биринде болгон.

Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын - Sputnik Кыргызстан
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын
Анда соттолуучу М.А. айылдаштары менен арак ичип отуруп М.Э. аттуу таанышынан тамеки сураган, ал "сатып чекпейсиңби" деген жооп узаткан. Мындан улам пикир келишпестик чыгып, тааныштар ары жакка барып мушташа кетишкен. Кылмышкер жабырлануучуну эки жолу бетке уруп, башка тээп, кайра бөтөлкөлөштөрүнө келип аны жаткыра чапканын айтып мактанган.

Чогуу майрамдап жүргөндөр мушташ болгон жерге барып, ал дагы деле эс-учун жоготуп жаткандыгын көрүшкөн. Мындан улам аны автоунаага салып ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок жабырлануучу жолдон эле көз жумган.

Маркумдун артында кичинекей төрт баласы калды. Фемида өкүлдөрү чоң муштумду тогуз жылга эркинен ажыратып, көз жумган адамдын жакындарына 100 миң сом төлөмөр кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0