Кылмыш тобунун мүчөсү мурдагы жоокерди сабаганбы? ИИМдин маалыматы

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу үч жыл бою Жалал-Абад милициясынын атайын даярдыктагы жоокери болуп кызмат өтөп жүрүп, 2004-жылы бошотулган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Социалдык тармакта эркек кишинин токмок жеп жаткан видеосу боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Видеону коштогон текстте таяк жеген киши мурдагы атайын даярдыктагы жоокер, ал эми кол көтөрүп жаткандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн бири экендигин айтты.

"Андагы жарандардын ким экендиги аныкталды. Алар Сузак районунун үч тургуну менен Таш-Көмүр шаарынын жашоочусу болуп чыкты. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топтун Чач деп аталган 31 жаштагы мүчөсү, кыязы, чатактын демилгечиси", — деп айтылат маалыматта.

Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Алайда жергиликтүүлөр сабаган үч майып жигиттин жакындары митингге чыкты
Мындан сырткары, таяк жеген адам Жалал-Абад облусунун ички иштер бөлүмүнүн атайын даярдыктагы мурдагы жоокери болгону жана 2004-жылы тартип бузганы үчүн бошогону аныкталды.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 7-майында жабырланган жаранга 7-8 киши келип, эч себепсиз сабаган. Алардын бири бычак такаса, экинчиси тапанча менен коркутуп, мунун баарын телефон аппаратынын камерасына тарткан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 226-беренесинин негизинде ("Бейбаштык") катталган. ИИМдин Криминалдык милициясы жана Жалал-Абад облустук тартип сакчылары шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам жана издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0