Өзгөндө рулга ээ боло албай калган айдоочу тосмону сүзүп каза болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду
Өзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
62 жашта болгону айтылды.

ОШ, 15-май — Sputnik. Өзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду
Өзгөндө рулга ээ боло албай калган айдоочу тосмону сүзүп каза болду - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду

Маалыматка ылайык, кырсык 14-май күнү саат 14:15тер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 617-чакырымында, тактап айтканда, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгон.

Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
Өзгөн районунун 62 жаштагы жашоочусу өзүнүн Wolksvagen Рassat үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдун четиндеги бетон тосмого урунуп барып токтогон.

Окуянын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза тапкан.

Кырсык боюнча Өзгөн райондук милициясы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0