Токмокто 80 жаштагы карыяны сабайбыз деп коркутуп тоноп кеткендер кармалды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр түн жарымда карыянын үйүнө кирип келип, ири суммадагы акчасын алып кетишкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Токмок шаарынын криминалдык милициясынын кызматкерлери 80 жаштагы тургундун үйүнө кирип, карактап кетти делгендерди кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков апасына кол салуу болгонун ырастады. Окуянын чоо-жайы
Ага ылайык, 10-майда Токмок шаардык милициясына 80 жаштагы жергиликтүү жашоочу кайрылган. Арызда түнкү саат 2:20лар чамасында бейтааныш кишилер үйүнө кирип келип, ур-тепкиге алабыз деп коркутуп, 12 000 сомун алып кеткени айтылат.

Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары буга чейин бир нече ирет соттолгон 28 жана 30 жаштагы тургундар кармалды. Алар Бишкек шаарындагы №1 убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0