10:33 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Последствия ДТП на 108 километре автотрассы Бишкек — Нарын — Торугарт, близ города Кемин.

Кеминдеги трагедия. Автоунаалар кагышып, төрт киши каза болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (162)
678 0 0

Кырсык 9-майда Кемин шаарчасына жакын жерде болжол менен кечки саат тогуздарда болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кемин районунун аймагында трассада эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен ошол жерде үч киши жан берсе, төртөө ооруканага түшкөн. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча Чүй облустук башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык 9-майда Кемин шаарчасына жакын жерде, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында болжол менен кечки саат тогуздарда болгон. 

Последствия ДТП на 108 километре автотрассы Бишкек — Нарын — Торугарт, близ города Кемин.
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
Кемин районунун аймагында трассада эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен ошол жерде үч киши жан берсе, төртөө ооруканага түшкөн.

"Honda Odyssey автоунаасын айдап бара жаткан 21 жаштагы кыз каршы тилкеге чыгып кетип, Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Айдоочулар жана дагы бир жүргүнчү ошол жерден жан берген, дагы төртөө ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Автоинспекторлор жабырлангандардын бири ооруканадан каза тапкандыгын кошумчалашты.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Автокөлүктөр унаа токтотуучу атайын жайга жеткирилди.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (162)

Тема боюнча

Ош — Араван трассасындагы кырсыктан эки киши менен наристе каза тапты. Сүрөт
Белгилер:
жүргүнчү, кыз, айдоочу, өлүм, жол кырсык, Кемин

ЭҢ МААНИЛҮҮ