Ташиевге тиешелүү мунай базадагы өрт 14 сааттан кийин өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде
Пожар на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүп жаткан мунай базасынан 2000 киши эвакуацияланган, алардын арасынан ӨКМдин бир кызматкери жана ошол жерде иштеген адам жабырланган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы мунай базасында кечээ чыккан өрт 11-майда түнкү саат 00:17де өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Попытки тушения пожара на нефтебазе в Джалал-Абаде — видео с высоты - Sputnik Кыргызстан
Жалындап күйгөн мунай базаны кантип өчүрүп жатышат. Дрондон тартылган видео
Өрт Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндөгү мунай базадан 10-майда саат болжол менен 10дордо чыккан. Аталган жай саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Казыбек Ташиевге тиешелүү экени аныкталган. Кырсыктан эки киши күйүп, бири реанимацияга түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын бир кызматкеринин бети күйүп, облустук ооруканага жаткырылды. Май сактоочу жайдын да бир кызматкери өрттөн жабыркап, облустук ооруканага жеткирилген.

Тилсиз жоо саат 17.25те чектөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0