Мунай базанын жанынан эки миң киши эвакуацияланды. Өрттүн асмандан көрүнүшү

© Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-АбадВид с дрона на пожар на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде
Вид с дрона на пожар на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр төрт сааттан бери тилсиз жоо менен кармашууда.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан мунай базанын жанында жашаган эки миңдей тургун эвакуацияланды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от zakirsaliev (@zakirsal2061)

Өрт өчүрүүчүлөр төрт сааттан бери тилсиз жоо менен күрөшүүдө. Жалын чектөөгө алына элек. Кырсык болгон жерге Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев да барган. 

"Азыркы учурда шаардык өрт өчүрүү кызматынын 8 автоунаасы үзгүлтүксүз иш алып барууда. Андан тышкары, шаардык суу канал башкармалыгынан, жашылдандыруу чарбасынан, аэропорттон, Сузак районунан кошумча техникалар тартылды. Калаа мэри Мураталы Тагаев баш болуп, тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Тегерек чети 1 чакырым алыстыктан курчоого алынган. Жакын жашаган үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды", — деп билдиришти мэриядан.

Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай базада чыккан өрт: эки киши күйүп, бири реанимацияга түштү
Күбөлөрдүн айтымына караганда, турак жайлар менен күйүп жаткан мунай базанын аралыгы 500 метрдей.

Өрт бүгүн, 10-майда, саат 10:00дөр чамасында чыккан. Жалынды өчүрүүгө сегиз унаа тартылган. Кырсыктын кесепетинен бир өрт өчүрүүчү жана мунай базанын кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилди. Базанын ээси саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0