Мунай базада чыккан өрт: эки киши күйүп, бири реанимацияга түштү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт саат 10.00дөр чамасында чыккан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндөгү мунай базадан чыккан өрттөн эки киши жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

"Өрт өчүрүү кызматынын бир кызматкеринин бети күйүп, облустук ооруканага жаткырылды. Май сактоочу жайдын да бир кызматкери өрттөн жабыркап, облустук ооруканага жеткирилген. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп облустук ооруканадан билдиришти.

Сотрудники МЧС на месте пожара на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ мунай базадагы өрттү көбүк менен өчүрүп жатат. Жаңы сүрөт, видео
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт саат 10.00дөр чамасында чыккан. Жеринде милиция кызматкерлери жана Тез жардам иш алып барууда.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, өрт көбүк менен өчүрүлүүдө.

Күйүп жаткан мунай база саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешелүү экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0