Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден өрт чыкты. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Окуяга күбө болгондор тилсиз жоону видеого тартып алышкан.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаадагы 6-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Тилсиз жоо катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, №7 үйдөгү батирлердин биринде өрт болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү саат 16:11лер чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, бир сааттан кийин өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0